Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:59

КСДПнын президенттикке талапкер көрсөтүү боюнча курултайы 15-июлда өтөт 


КСДПнын президенттикке талапкер көрсөтүү боюнча курултайы 15-июлда өтөт. Мындай чечим бүгүн Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин Бишкектеги жыйынында кабыл алынды. Президенттин кеңешчиси, аталган партиянын мүчөсү Фарид Ниязовдун билдиришинче, КСДПдан Сооронбай Жээнбековдон башка талапкер президенттикке көрсөтүлбөйт.

Партиянын саясий кеңеши 17-майда жыйынга чогулуп, анда алар президенттик шайлоодо премьер-министр Сооронбай Жээнбековду сүрөй турганын жарыялашкан.

Эми 15-июлдагы курултайда расмий түрдө талапкер көрсөтүлүүгө тийиш. Бүгүнкү жыйында партиянын төрагасынын орун басары болуп Фарид Ниязов дайындалганы белгилүү болду.

Партиянын саясий кеңешинде Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков баштаган 36 мүчө бар. (NT)

XS
SM
MD
LG