Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:25

БУУнун эркин ой билдирүү укуктары боюнча атайын баяндамачысы Дэвид Кэй тажик өкмөтүн көз карандысыз журналисттерге жана бийликтин позициясы менен макул болбогондорго кысым көрсөтүп жатат деп сынга алды. Ал БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында Тажикстан бийлигинин өлкөдө коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо боюнча көрүп жаткан чаралары тескери натыйжа берип жатканын билдирди. Кэй өткөн жылы Тажикстанга барып келгенден кийин баяндама даярдаган. Анын айтымында, өкмөт көз карандысыз басылмаларга кысым көрсөтүп, маалыматка жетүү мүмкүндүктөрүн чектеп, жарандык коом менен оппозициячыл күчтөргө басым жасап жатат.

Ошол эле маалда БУУнун атайын баяндамачысы Тажикстан учурда оор абалда турганын, бир тараптан Ооганстан кооптондурса, экинчи жагынан «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу коркунуч жаратып жатканын белгилеген.

- Тажикстанда коомдогу көйгөйлөр тууралуу жазган журналисттер менен көз карандысыз ЖМКларга коркунуч туулуп жатканына көзүм жетти. Бийлик цензураны күчөткөнүн жашырбай бир канча веб-сайтты жапкан. Ошондой эле мен Тажикстанда бардык байланыш каражаттары өкмөттүн көзөмөлүндө экенин түшүндүм.

Тажикстандын Швейцария конфедерациясындагы элчиси жана өлкөнүн Женевадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Жамшед Хомидов Дэвид Кэйдин баяндамасын «бир тараптуу» деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG