Иран региондогу негизги атаандашы Сауд Арабияда падышанын башкы мураскеринин алмашканын сындап чыкты. Өлкөнүн мамлекеттик медиасы соңку өзгөрүүнү "жумшак төңкөрүш" деп мүнөздөдү.
21-июнда Сауд падышасы Салман бир тууганынын баласы Мухаммад бин Наифтин ордуна өз уулу, 31 жаштагы Мухаммад бин Салманды башкы мураскер кылып дайындаганы белгилүү болгон. Чечимге ылайык, ханзада Салман дароо эле премьер-министрдин орун басарлыгына келди. Ошондой эле буга чейин аркалап келген коргоо министри кызматын да сактап калды. 57 жаштагы ханзада Наиф болсо ички коопсуздук мекемесинин жетекчилигинен да бошотулду.
Талдоочулар Мухаммад бин Салмандын башкы ханзада болушу Иран менен чыңалууну күчөтөрүн айтып жатышат. Себеби ал өткөн айда Иран менен мамилени жакшыртууга аракет кылбастыгын айтып, расмий Тегеранды ислам дүйнөсүн көзөмөлдөгүсү келет деп айыптаган.