Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Жалал-Абад: шаардык кеңеш депутаттары эки мандатка ээ болду


Бүгүн көпчүлүк коалициянын сунушу менен чакырылган алгачкы сессиянын башталышында депутаттарга экинчи жолу мандат жана төш белгилер тапшырылды.

Жаңы шайланып келген депутаттар БШК тарабынан берилген күбөлүккө депутаттар канааттанбай, өздөрү каражат чогултуу менен күбөлүк жасатышкан. Аймактык шайлоо комиссиясы аларга экинчи жолу мөөр жана кол тамга басып берген. Экинчи мандатты “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы албаганын билдирди. Ошентип депутаттар эми эки мандат алып жүрүшөт.

Шаардык кеңештин бүгүнкүгө белгиленген алгачкы сессиясына “Өнүгүү-Прогресс” менен “Ата-Журт” фракцияларынын өкүлдөрү келбегендиктен сессия өтпөй калды. (RsK/KE)

XS
SM
MD
LG