Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

ЮНИСЕФ: Ирак менен Сирияда миллиондогон балдар жардамга муктаж


Мосулдук качкын
Мосулдук качкын

Иракта беш миллиондон ашуун бала гуманитардык жардамга муктаж. Бул тууралуу БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) билдирет.

Уюм бул өлкөдө балдар өлтүрүлүп, уурдалып жана көп учурда курал кармап, согушууга мажбурланарын белгилейт.

Маалыматка караганда, «Ислам мамлекети» террор тобу 2014-жылы басып алган Мосул шаарында балдарды эл көзүнчө өлүм жазасына тарткан учурлар бар.

Аталган топтун Ирактагы таянычы делген бул шаарда азыр да 100 миңге жакын бала кала берүүдө.

Коңшу Сирияда террорчулар менен күрөш учурунда өткөн жылы 650 бала өлгөн. Алардын жарымы мектепте окуп жатканда курман болушкан. Дагы жүздөгөнү тиешелүү медициналык жардамдын жоктугунан жан беришкен. Сирияда гуманитардык жардамга муктаж 6 миллион бала бар экенин ЮНИСЕФ билдирет.

XS
SM
MD
LG