Кытайдын Сычуань аймагында 23-июнь күнү жер көчкү жүрүп, 140тан ашуун адам каза болду. Нөшөрдөн улам Синьмо айылында 40тан көп турак жайды топурак басып калганын жергиликтүү булактар кабарлашты. Көчкү астынан үч адам - жубайлар жана алардын ымыркайы куткарылган.
Жапа чеккен кыштакта цян уруусунун өкүлдөрү жашаган.