Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:51

Албанияда бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө Европа биримдигине кирүү тууралуу ыктымал сүйлөшүүлөрдүн алдында өзүнүн демократиялык умтулууларын бекемдөөгө үмүттөнүүдө. Негизги атаандаштар: бийликтеги социалисттер жана парламенттеги абсолюттук көпчүлүккө ээ болуу максатын көздөгөн демократтар.

Үч миллионго жакын калкы бар, НАТОго мүчө бул өлкө Европа биримдигине талапкер макамын 2014-жылы алган, бирок реформалардын жоктугунан улам иш дээрлик токтоп калган.

Демократтар Социалисттик партиянын лидери, премьер-министр Эди Рама шайлоодогу таза атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн кызматтан кетиши керек деп талап кылып келишти.

Быйыл май айында АКШ жана Евробиримдиктин ортомчулугу аркылуу Эди Рама менен Демократиялык партиянын ортосунда келишим кабыл алынып, оппозициянын шайлоого көзөмөл жүргүзүү укугу кеңейтилген. (RK)

XS
SM
MD
LG