Ош шаарында окулган Айт намазы
Ош шаарында бүгүн 15 миңдей адамдын катышуусунда Айт намаз окулду. Ага расмийлерден шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов, мэр Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахматжан Махамадов жана ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков катышты. Намаз убактысы келгенге чейин шаардын борбордук аянтында Куран окулуп, андан соң Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев келгендерге куттуктоо сөзүн айтты. Ал Айт намазынын маанисин түшүндүрүп, жалпы элге ыйман, сабырдуулук жана ата-энени урматтоо тууралуу баян жасады. Айт майрамына карата Ош шаарынын муниципалдык транспорту жүргүнчүлөрдү акысыз тейледи.