Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:37

Албанияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо бийликтеги Социалисттер партиясы алдыга чыкты. "Ора Ньюс" басылмасынын сурамжылоосу премьер-министр Эди Раманын партиясы добуштардын 45-49 пайызын алаарын көрсөтүүдө. Бул социалисттер 140 орундуу парламентте 71-75 депутаттык мандатка же көпчүлүккө ээ болот дегенди билдирет.

Бул шайлоо Евробиримдикке кошулуу боюнча ыктымал сүйлөшүүлөр алдында демократиялык сыноо катары каралган. Социалисттердин негизги атаандашы - борборчул-оңчул Демократиялык партия добуштардын 30 пайызын алат деп күтүлүүдө. Партиянын лидери Лузлим Баша АКШнын президенти Дональд Трампка суктанаарын билдирип келген.

Расмий жыйынтык 26-июнда чыгарылмакчы.

XS
SM
MD
LG