Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Ирак күчтөрү Мосулду бошоткону калды


Ирак күчтөру Мосулдун Эски шаарында
Ирак күчтөру Мосулдун Эски шаарында

Ирак күчтөрү Мосулдун Эски шаарындагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун акыркы позицияларына жакын калышты. Ирак кол башчысы Салам ал-Обеиди Эски шаардын дээрлик 70 пайызы бошотулганын "Франс Пресс" агенттигине билдирди. Жоочулардын негизги коргонуучу жайына айланган Мосул шаарынын бул бөлүгүн колго алуу "Ислам мамлекети" тобуна каршы ири жеңиш болуп калмакчы.

Төрт күн мурда Ирак күчтөрүнүн курчоосунда калган согушкерлер тобу Мосул шаарындагы тарыхый Ал-Нури мечитин жардырып жиберишкен. Дал ушул мечитте "Ислам мамлекети" тобунун лидери өзүн "халиф" деп жарыялаган.

Ирак армиясы АКШ баштаган эл аралык коалициясынын жардамы менен октябрь айынан бери шаарды согушкерлерден бошотуу аракетин көрүп келет.

XS
SM
MD
LG