Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:18

Киев: Януковичтин соту кийинкиге жылдырылды


Виктор Янукович
Виктор Янукович

Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин соту бүгүн Киевде башталып, жарым саат өтпөй кийинкиге жылдырылды. Буга учурда Орусияда жашап жаткан Януковичтин видео аркылуу байланышка чыкпаганы себеп болду.

Прокуратура соттук териштирүүнү Януковичтин катышуусуз эле баштай берүүнү өтүндү. Бирок судья айыпталуучу экинчи жолу сотко катышпаган шартта гана ишти сыртынан кароо башталаарын билдирип, сотту 29-июнга жылдырды.

Януковичтин жактоочулары Украина Орусияга видео-байланышты камсыз кылуу өтүнүчүн расмий түрдө жөнөтүшү керек деп эсептейт. Прокуратура болсо расмий өтүнүчкө зарылчылык жок экенин, Янукович интернеттеги каалаган программа аркылуу байланышка чыга аларын билдирип жатат.

2014-жылдагы "Евромайдан" окуяларынан кийин бийликтен кеткен Янукович "чыккынчылык кылды жана өлкөнүн эгемендигине шек келтирди" деп айыпталып келет. Анын жактоочулары бул айыптарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG