Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевдин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков боюнча айткандарын үгүт катары баалашууда. Алар БШКга бул боюнча атайын кайрылышат. Бул тууралуу "Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылынын аткаруучу директору, жарандык активист Рита Карасартова "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Бул жерде мыйзам бузуу так бар. Шайлоо жөнүндөгү мыйзам боюнча үгүт иштери 10-сентябрда башталат. Үгүттөгөнгө бүгүн эч кимдин укугу жок. Президенттин оозунан үгүт болуп, үгүт азыртан башталып атат. Болгондо да мөөнөтү бүтүп жаткан президенттин оозунан деп, биз Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылабыз.
Ал эми БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов президенттин айткандарында мыйзам бузуу жоктугун белгиледи:
- Мамлекет башчы, саясий кызматтагы кишилер. Азыр бирөөнү буга добуш бергиле деп үгүттөбөгөндөн кийин ал үгүткө жатпайт.
Атамбаев Орусияга болгон беш күндүк мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө 24-июнда Татарстанда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып премьер-министр Сооронбай Жээнбековду алдыдагы президенттик шайлоо үчүн мыкты талапкер деп атаган.
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши 17-майда президенттик шайлоодо премьер-министр Сооронбай Жээнбековду сүрөй турганын жарыялашкан. Партия мүчөлөрүндө талапкерге байланышкан ич ара келишпестик бар экени айтылып жүрөт. Аталган партиянын 15-июлдагы курултайында талапкер расмий көрсөтүлөт. (NT)