Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:36

Кыргызстанда 27-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 24...29;

Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 26...31;

Баткенде түнкүсүн 16...21, күндүз 26...31;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 27-июнда түнкүсүн маал-маалы менен жаан жайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19...21, күндүз 27...29 ысык болот.

27-29-июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суу катуу кирет. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG