Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Атамбаев президенттикке Жээнбековду ылайык көрөт


Президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Президент Атамбаев өзү түптөгөн партиянын талапкери тууралуу пикирин алгачкы жолу билдирди.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Орусия сапарынан кийинки маалымат жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президент болууга татыктуу деп атап, мамлекеттик өнүгүүнүн азыркы багытын улантарына ишенерин билдирди.

Эксперттердин баамында, президент бул билдирүүсү аркылуу өзү түптөгөн КСДПнын талапкерге байланышкан позициясы так экенин ишара кылды.

Жарандык активисттер болсо муну үгүт катары кабыл алып, БШКга кайрылганы жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев президенттикке сунушталып жаткан Сооронбай Жээнбеков жөнүндө ой-пикирин өткөн апта аягында Орусияда сапар менен жүргөн учурунда билдирди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, премьер-министрди азыркы шартта мамлекет башчылыкка мыкты талапкер деп атады. Президент Жээнбековду эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары сыпаттап, өзү баштаган иштерди улантат деген ишенимин билдирди:

- Мен Сооронбай Жээнбековду 1995-жылдан бери тааныйм. Ал кезде парламентте чогуу депутат болгонбуз. Ошол жылы "Реформа" деген фракция түзгөнбүз. Ага 70 депутаттын 29у кирген. Бул ошол кездеги президентке жаккан эмес. Сооронбай Жээнбеков менин орун басарым болгон. 20 жылдан ашуун убакыттан бери аны акыйкатчыл адам катары тааныйм. Мени менен жүргөн ага кыйын болгонун жашыргым келбейт. Анткени ал учурда анын туугандары ар кыл кызматтарда иштечү. Акаевдин учурунда, кийин Бакиевдин учурунда бир туугандарынын бири элчи болсо керек эле. Мен КСДП курултайында ал кишини толук колдойт деп ишенем. Бул мамлекет үчүн жакшы тандоо. Ал тартиптүү, чынчыл адам.

Атамбаев: Жээнбеков президенттикке татыктуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

​Президент 2010-жылы Оштон реваншисттик күчтөргө каршы туруп, туруктуулукту сактап калууга Сооронбай Жээнбековдун салымы чоң экенин белгиледи.

Президент Атамбаев өзү түптөгөн партиянын талапкери тууралуу пикирин алгачкы жолу билдирди. Муну менен ал Жээнбековду колдоорун ишара кылып, парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков КСДП аркылуу талапкер болушу ыктымал деген божомолдорго чекит койгондой болду:

- Чыныбай Акунович болобу, башка бирөө болобу, Кыргызстанда азыр демократия. Бизде мурункудай коркмой жок. Ким талапкер болом десе боло берет. Бирок Cоциал-демократтардан бир талапкер болот, мен ойлоп турам ал - Жээнбеков. Социал-демократтар Жээнбековду 20 жылдан ашык убакыттан бери билишет. Ага караганда эми Чыныбай Акунович жакында эле келди.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Ошентип президент талапкер тандоого байланыштуу КСДПда пикир келишпестиктер бар деген көшөгө артындагы кеп-сөздү, ыргылжың абалга чекит койгондой болду. Мындай пикирин эксперт Алмазбек Акматалиев билдирди:

- Социал-демократтар партиясын бир адам түзгөн жана ошол адам чечет. Бул эми факт. Ошондуктан, президент партия мүчөлөрү эмне болор экен деп дагы жөн койду окшойт. Анан ыргылжыңдар көбөйгөндө, позициясын аныктап койду. Эми ыргылжың болуп жаткандар токтоп, бир беткей болот. Бирок ошол ыргылжың болгондор көрсөтүлгөн талапкерди канчалык чын көңүлдөн колдойт же эл көзүнө колдоп коебу, аны турмуш көрсөтөт.

Анткен менен президенттин бул билдирүүсүн жарандык активисттердин бир бөлүгү үгүт катары кабыл алды. Маселен, жарандык активист Рита Карасартова үгүт өнөктүгү баштала электе Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү мыйзамга каршы келет деп Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылууга камданууда:

- Бүгүнкү шайлоо мыйзамы боюнча үгүт иши 10-сентябрдан тарта башталат. Үгүттөгөнгө бүгүн эч кимдин укугу жок. Ал эми президенттин оозунан үгүт болуп жатат деп сөзсүз түрдө БШКга кайрылабыз. Үгүт азыртадан башталып жатат, болгондо да аттуу-баштуу, мөөнөтү бүтүп жаткан президенттин оозунан деп кайрылабыз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов болсо, президенттин сөздөрүн үгүт катары санабайт. Анын айтымында, бул маселени саясатташтырууга негиз жок:

- Мамлекет башчысы, саясий кызматтагы кишилер азыр бирөөгө добуш бергиле деп ачык кайрылбаган соң ал үгүткө жатпайт. Бул жерде татыктуу талапкер болмок деп айтылган сөз мыйзам бузуу эмес.

Саясатчы, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да президенттин билдирүүсүндө мыйзам бузуу бар деп эсептебейт:

- Дүйнөлүк практика деле көрсөтүп жатпайбы, кайсы гана мамлекет болбосун президент болобу, башкасы болобу шайлоого келгенде кайсы бир адамды айтып, татыктуу экенин билдирип жүрүшөт. Ал башка иш. Кеп ошол көрсөткөн талапкер канчалык компетенттүү, мамлекет башкарганга татыктуу журт башчысы, улут лидери боло алганында.

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши президенттикке Сооронбай Жээнбековду сунуштаган. Бул маселе эми 15-июлда партиянын курултайында каралып, чечим кабыл алынат.

Бул апта ичинде Бакыт Төрөбаевдин "Өнүгүү-Прогресс " партиясы менен Өмүрбек Бабановдун "Республика" партиясы да курултай өткөрүп, талапкерлерин расмий жарыялары айтылууда.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов өзүн-өзү көрсөтсө, "Ак шумкар" партиясы курултайында лидери Темир Сариевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 15-июнда башталган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG