Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:02

Үч депутаттын кылмыш иштерин иликтеген депутаттык комиссия жыйынга чогулду


Жогорку Кеңеш депутаттары Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров жана Канат Исаевге козголгон кылмыш иштерин иликтеген депутаттык комиссия жыйынга чогулду. Анда УКМКнын өкүлү маалымат берип, Канат Исаев боюнча жалпы алты иш тергелип жатканын билдирди. Маалыматка караганда, депутатка төрт иш боюнча айыбы угузулган. Эми төртөө бириктирилип сотко өткөрүлөт. Жалпысынан Канат Исаевдин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 14 миллион сом зыян келтирилгенин атайын кызмат өкүлү кошумчалады.

Депутаттык комиссиянын отурумуна Акылбек Жапаров келген жок. Канат Исаев менен Игорь Чудинов катышып жатат.

Башкы прокуратура 29-майда Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын мүчөлөрү Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров баштаган бир нече адамга карата Кылмыш кодексинин "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Аларга өкмөттү башкарып турган учурда өз жакындарына таандык ишканага мыйзамды бузуу менен мамлекеттен ссуда алып, аны төлөбөй жүргөн деген кине коюлууда. Бирок аталган депутаттар тагылган айыптарды четке кагып жатышат.

Канат Исаев болсо Токмок шаарынын мэри болуп турган чакта "муниципалдык жер участогун жеке компанияга карматкан жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыпталууда. Ишти Башкы прокуратура апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

УКМКнын тергөө башкармалыгы Исаевге мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында айыбын угузганын 11-майда кабарлаган. Ал Кылмыш кодексинин 303-беренесине (коррупция) ылайык козголгон иштин негизинде эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен үй камагына алынган.​Исаев да өзүнө козголгон кылмыш ишине негиз жоктугун билдирип келет.

Быйыл 18-майда Канат Исаевге козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн парламенттеги ар бир фракциядан он эки депутат кирген убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

31-майда бул депутаттык депутаттык комиссия Жапаров менен Чудиновго козголгон кылмыш ишин кошуп иликтей турган болгон.(EBM/NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG