Кыргызстандык окумуштуу Темиралы Кунашевдин “Ыйык Курандын эзотерикалык маселелери” аттуу китеби басылып чыкты. Автор орус тилинде жарык көргөн китеп Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан каржыланганын билдирди. Иликтөөгө автор отуз жылга чукул убакыт сарптаганын айтты.
Ал беш жүз беттен турган көлөмдүү эмгегинде Куранда айтылган аяттарды бүгүнкү күндө илимде жалпы адамзатка белгилүү болгон тарыхый, астрономиялык, архитектуралык, космостук ачылыштарга салыштырган. Таланттуу музыкант жана гитарчы Темиралы Кунашев дин темасына бала кезинен кызыгып, өткөн кылымдын 87-жылдары Бишкектеги Илимдер Академиясынын кол жазмалар фондунда иштеп жүргөндө бул багытта алгачкы илимий монографиясын чыгарган.
Музыкант катары Кунашев Атай Огонбаевдин “Эсимде” ырынан баштап Рысбай Абдыкадыровдун, Түгөлбай Казаковдун обондорун, кыргыз күүлөрүн гитарага түшүрүп, Түркия, Eвропа угармандарына жеткирген. Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров Темиралы Кунашевдин өнөрү тууралуу "Алигамбра" деп аталган даректүү фильм жаратып, тасма Евразиянын кинофестивалынын сыйлыгын жеңип алган. (ZA)