Принтер
Президент Атамбаев өзү түптөгөн партиянын талапкери тууралуу пикирин алгачкы жолу билдирди. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Орусия сапарынан кийинки маалымат жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президент болууга татыктуу деп атап, мамлекеттик өнүгүүнүн азыркы багытын улантарына ишенерин билдирди.