Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Голландия Сребренница кыргынына жарым-жартылай күнөөлүү деп табылды


Сребренница кыргынына арналган көргөзмө.
Сребренница кыргынына арналган көргөзмө.

Голландия соту 1995-жылы Сребренницадагы босниялык мусулмандын өлүмүнө Голландиянын жарым-жартылай күнөөлүү деп тапты.

Муну менен Гаага Апелляциялык соту үч жыл мурдагы Гаага жарандык сотунун бүтүмүн бышыктады.

1995-жылы БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамындагы голландиялык жоокерлер баш калкалап турган 300 мусулман качкынды аскер базасынан чыгарып салышкан. Кийин алар дагы жети миңден ашуун мусулман эркектери жана балдарынын катарында босниялык серб армиясы тарабынан өлтүрүлгөн.

2007-жылы Гаагадагы Эл аралык трибунал бул окуяны геноцид деп тааныган. Сребренница кыргыны Европадагы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле ири аскер кылмышы саналат.

XS
SM
MD
LG