Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 19:25

Кыргыз-орус парламент аралык кызматташтыгы талкууланат.

Бүгүн Бишкекке Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин баштаган делегация расмий сапар менен келет. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугуп, Түбөлүк отко барып гүлчамбар коет.

Буга чейин маалымдалгандай, келерки аптада Кыргызстанга Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко да келет. Ал Бишкекте расмий жолугушууларды өткөргөндөн кийин Ысык-Көлгө барып “Шериктештиктин балдары” эл аралык билим берүү форумунун ачылышына катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG