Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:18

Өкмөт мамлекеттин карамагындагы мүлктү жыл аягына чейин толугу бойдон инвентаризациялап чыгат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Болсунбек Казаковдун айтымында, жүргүзүлгөн атайын мониторинг 1000ден ашуун иштебеген мамлекеттик ишкана бар экенин аныктап чыккан. Алар кагаз жүзүндө гана бар деп эсептелип келген.

Бул ишканалардын 166сы бүгүнкү күндө иштеп жатат, бирок аларды да акционерлерге өткөрүп берип, менчиктештирип, жоюп же мамлекеттик мекеме макамын берип 26га чейин кыскартуу каралууда.

Казаковдун айтымында, мындай ишканалардан пайда жок болуп жатышынын негизги себеби – кызматкерлердин көптүгү жана башкаруудагы эффективдүүлуктүн жоктугу. Мамлекеттик мүлктүн эсебин иретке келтирүү, натыйжалуулугун арттыруу максатында быйыл март айында жумуш тобу түзүлгөн. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG