Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Саудия Бишкекте заманбап балдар ооруканасын курмай болууда


Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын жаңы имаратын курууга Сауд өнүктүрүү фондунан 30 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлүү каралууда. Бул тууралуу келишимди ратификациялоо мыйзамынын долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, жалпы аянты 10 миң чарчы метрлик оорукана 400 орунга эсептелет.

№3 балдар ооруканасы Бишкек шаарын жана республиканын 32% тейлейт. Мекеменин башкы дарыгери Талантбек Өмүрбековдун айтымында, 20 жыл мурда жылына 60-70 миң бейтап кайрылса, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 175 миңди түзүүдө, алардын 85 миңи түрдүү жаракат алган балдар.

Эгерде бүгүн парламент бул келишимди ратификациялап берсе, курулуш иштерин сауд тарап өзү баштап, ичин толугу бойдон жабдып, 2019-жылы пайдаланууга тапшырып берери пландалууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG