Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Текебаев менен Чотоновдун сотунда Модин дагы суралышы мүмкүн


Бишкектин Биринчи май райондук соту парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантууда. Бүгүн жараянда Чотоновдун адвокаттары башка соттук териштирүүгө катышып жатканына байланыштуу жарым сааттык тыныгуу жарыяланды. Мамлекеттик айыптоо тараптын башкы күбөлөрүнүн бири, орусиялык ишкер деген Алексей Модиндин бүгүн да көрсөтмө берери айтылган.

Кечээ Текебаев жана Чотоновдун адвокаттарынын өтүнүчү менен Модин сотто көрсөтмө берип, "Альфа Телеком" компаниясынан үлүш алуу үчүн Текебаев Маевскийден 1 миллион доллар сураганын укканын маалымдады. Модиндин мындай көрсөтмөсүн Өмүрбек Текебаев четке кагып, ал сөзүнөн чаташып жатканын, буга чейинки билдирүүлөрү менен азыркысы дал келбей жатканын айтты.

Айыпталуучулардын адвокаттары эгер Маевский менен Модин пара бергенин моюнуна алып жатса аларды да жоопко тартуу керек деген өтүнүчүн келтиришти, бирок сот аны четке какты.

Өмүрбек Текебаев 27-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жарандар Алексей Модин аркылуу Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да камалган.

Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG