Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Билим алууга жеңилдетилген насыя берүү сунушталууда


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев студенттердин билим алуусу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушун киргизүүдө. Буга байланыштуу мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

- Биз анализдеп көрсөк, Кыргызстанда жылына 60-65 миң окуучу орто мектептерди бүтсө, алардын 15-17 миңи гана жогорку окуу жайларга тапшырышат экен. Мамлекет мында болгону 4,5 миң студентке гана колдоо көрсөтөт. Бирок бул жетишсиз, калгандары окуганы, иштегени сыртка чыгып кетүүдө. Ошондуктан студенттердин билим алуусуна шарттарды түзүү зарылчылыгы чоң.

Карашев мыйзам аркылуу болочоктогу студенттерге жеңилдетилген кредиттерди берүүсү каралып жатканын айтты. Анын айтымында, студент жеңилдетилген кредит алып, аны менен окуу акысын төлөп, билим ала баштаса, насыяны кийин жумушка орношкондо төлөй баштайт. Эл өкүлү бул демилге студенттердин өзү каалаган кесиптин адиси болууга жана билим алуусуна стимул болот деген пикирде. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG