Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:22

Ош шаарында бир күндө эки киши сууга акты


Ак-Буура дарыясы.
Ак-Буура дарыясы.

Ош шаарынын Жапалак айылындагы Араван каналына 27-июнда бир аял агып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, куткаруучулар менен туугандары издөө иштерин жүргүзүшүп, анын сөөгүн таап чыгышкан.

Ушул эле күнү кечке жуук Оштогу Ак-Буура дарыясына алты жаштагы кыз агып кетти. Азыр анын дайыны табылбай жатат. Издөө иштери уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG