Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Орусияда арачылар соту Немцовдун өлтүрүлүшү боюнча өкүмүн жарыялайт


Москванын аймактык аскер сотуна катышып жаткан айыпталуучулар, 27-июнь, 2017
Москванын аймактык аскер сотуна катышып жаткан айыпталуучулар, 27-июнь, 2017

Москванын аймактык аскер сотунда арачылар оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлтүрүлүшү боюнча өкүм чыгарууга камданууда. Коллегиянын мүчөлөрү 26 суроого жооп берет. Алардын бири мурда Чеченстандын Ички иштер министрлигинин "Түндүк" батальонунда кызмат өтөгөн Заур Дадаев оппозиционердин өлүмүнө күнөөлүүбү же жокпу деген суроо. Тергөө Немцовду ал атканын аныктаган.

Буга чейин судья эки арачыны коллегиянын иштөө тартибин бузганы үчүн сот залынан чыгарган. Ал күнү өкүм чыгарылбай, жыйын шаршембиге калган.

Кылмышка Заур Дадаевден башка Анзор жана Шагит Губашевдер, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев айыпталып жатат.

Тергөө жүрүшүндө Дадаев менен ага-ини Гурбашевдер күнөөсүн моюнга алганы менен сотто кайра андан баш тартышкан.

Немцовдун кызы Жанна жана анын үй-бүлөсүнүн адвокаттары оппозициялык саясатчынын өлүмү ачылган жок деп, ага Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун тиешеси бардыгын айтып келишет.

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге чукул жерде атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG