Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Чолпон-Атада жол кырсыгына кабылган милиционердин абалы оор


Кырсык болгон жер. Сүрөт интернетте тараган видеодон алынды
Кырсык болгон жер. Сүрөт интернетте тараган видеодон алынды

Чолпон-Ата шаарында унаа кырсыгына кабылган патрулдук милиция кызматкеринин абалы оор. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда ага шаардык ооруканада операция жасап жатышат.

Алдын ала коюлган диагнозго караганда 36 жаштагы милиционердин буту сынып, баш мээси чайкалган, боору да жабыркаган болушу ыктымал.

Окуя бүгүн саат 16:00го жакын болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жол боюнда турган патрулдук милициянын автомашинасын катуу ылдамдыкта келаткан "Субару" маркасындагы жеңил унаа сүзгөн. Анын айдоочусу кармалды. (RK)

XS
SM
MD
LG