Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

ЖК: кыйраган учактагы жүктү иликтөө маселеси күн тартибине кирген жок


Бүгүн Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы жайкы эс алууга кетер алдында соңку жыйынын өткөрүүдө. Бүгүн эл өкүлдөрү “Жер, салык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө”, Бишкектеги Эркин экономикалык аймагы, “Акционердин коом”, “Ишкерлердин укуктары”, “Жер участокторун которуу” сыяктуу 27 мыйзам долбоорлорду талкуулашат. Бишкектин четинде кулаган “Боинг 747-400” учагындагы жүктүн чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу бүгүнкү жыйындын күн тартибине кирген жок. Комиссиянын мүчөсү Курманкул Зулушев маселе качан талкууга алынары тууралуу маалыматы жок экенин жана муну комиссия төрагасы чече турганын “Азаттыкка” билдирди.

28-июнда комиссиянын корутунду депутаттарга таратылып берилгени “Азаттыкка” маалым болгон.

Кулаган учактагы жүктүн чоо-жайын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия 19-январда түзүлгөн. 20-февралда иши бир айга узартылган.

16-январда "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Кырсыкта бир топ турак жай кыйраган жана 35 жергиликтүү тургун, төрт учкуч ажал тапкан. Алгач кулаган учактын бортунда 85 тоннадан ашуун жүк бар болгону, Гонконгдон Стамбулга баратканы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG