Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:38

АКШ эл аралык авикаттамдарга коопсуздук чараларын күчөтөт


Нью-Йорктогу Кеннеди эл аралык аэропорту

АКШнын Ички коопсуздук боюнча департаменти өлкөгө учуп келген бардык авиакаттамдарга кошумча коопсуздук чаралары киргизилерин шармшембиде жарыялады.

Азырынча коопсуздук жагдайынан улам кандай чаралар экени так айтылган жок. Элге аларды түшүндүрүү милдети авиакомпаниялар менен аэропортторго жүктөлдү.

Жалпысынан алганда жаңы эрежелер боюнча жүргүнчүлөрдүн портативдик компьютерлери менен мобилдик телефондору текшерилип, элди тейлеген зоналар менен учактар конгон майданда көзөмөл күчөтүлөт.

Мындай жаңы чаралар 105 өлкөнүн 280 аэропортуна киргизилет. Күнүгө АКШга жалпысынан 2100 учак 325 миңдей жүргүнчү менен келип конот.

Чараларды ишке киргизүүнүн чыгымын авиакомпаниялар көтөрөт. Мындай жаңы эрежелерге баш ийбегендерге айыппул салынып, АКШга уча турган каттамдары токтотулушу да мүмкүн.

Март айынан тарта мусулман өлкөлөрүндөгү тогуз аэропорттон учкандарга самолетко мобилдик телефондон чоң болгон электрондук жабдыктарды алып кирүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG