Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:36

НАТОго мүчө 29 өлкөнүн коргоо министрлери бейшембиде Брюсселде чогулуп, уюмдун чыгымдарын жана Ооганстанга кошумча күч жөнөтүү маселесин талкуулаганы турушат. Түндүк-атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг уюм талиптер менен күрөшүп жаткан Ооганстанга кошумча күч жөнөтүүгө макул болгонун, бирок бул аскерлер операцияларга түздөн-түз катышпастыгын жыйындын алдында билдирди.

Учурда НАТОнун 13 500 аскери Ооганстанда жергиликтүү армияны машыктыруу жана аларга кеңеш берүү ишин алып барууда. Бул күчтөрдүн жарымын АКШнын аскерлери түзөт.

Эл аралык күчтөрдүн Ооганстандагы миссиясы 2014-жылы аяктаган. Бирок андан бери ооган күчтөрү коопсуздукту камсыз кылууда кыйынчылыкка кабылып келет. Мындан улам АКШ Ооганстанга кошумча 3-3,5 миң аскер жөнөтүүнү пландап жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG