Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Өзбекстан: электрге карызы барлар ажылыкка барбайт


Ташкент шаарынын башкы имамы Анвар Турсунов
Ташкент шаарынын башкы имамы Анвар Турсунов

Ташкент шаарынын башкы имамы Анвар Турсунов коммуналдык кызматтарга карызы бар тургундар ажылык сапарга чыга албасын билдирди. Ал Ташкенттеги эл аралык пресс-клубдун жыйынында тургундарды электр энергиясы, суу жана газ үчүн төлөмдөрдү убагында төлөөгө чакырганын бийликке жакын Podrobno.uz сайты кабарлады.

"Эгер адамдын жок дегенде бир сум карызы болсо, анын ажылык зыяраты кабыл алынбайт. Зыярат кылгысы келген андай кишилерди учакка отургузбайбыз", - деди Турсунов.

Өткөн айдын соңунда президент Шавкат Мирзиёев Башкы прокуратуранын алдында коммуналдык карыздарды жоюу багытында иш алып бара турган атайын бюро ачуу тапшырмасын берген. Имам Анвар Турсунов бул өнөктүктүн алкагында жарандарга кайрылган алгачкы диний кызматкер болуп калды.

Расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда жарандар менен ишканалардын газ жана электр энергиясына болгон карызы 1,25 миллиард долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG