Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Арстанбапта токмоктолгон милициянын жагдайы иликтенүүдө


Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын борборундагы базарда аймактык тескөөчүнүн токмоктолушун райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат. Аталган бөлүмдөн “Азаттыкка” билдиргендей, 28-июнь күнү түштөн кийин аймактык милиция бөлүмүнө борбордук базарда мас абалда тартип бузган эки адам тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган тескөөчүгө моюн бербеген тургундар ага кол көтөрүп, пагондорун жулуп таштаган. Жеңил жараат алган кызматкерге аймактык ооруканадан медициналык жардам көрсөтүлгөн. Райондук милиция кызматкерге кол көтөргөндөрдү кармап, окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Жаңгак токойлуу Арстапбап аймагында эс алуу пансионаттары жана бир нече лагерлер бар. Бул аймакта эс алуу мезгили июнь айынын башында башталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG