Күбөлөр Бишкектеги “Вефа” соода борборунун чатыры өрттөнүп жатканын айтышууда. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болгону түтөп жатканын “Азаттыкка” белгиледи. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү эки машина барды. Азырынча жабыр тарткандар жана кыйроолор тууралуу маалымат айтылган жок.
“Вефа” соода борбору Бишкектин борборунда, Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.