Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:25

Сербиянын депутаттары биринчи жолу аял саясатчыны премьер-министр кылып шайлады. 41 жаштагы Ана Брнабич консервативдүү Балкан өлкөсүнүн өкмөтүн жетектеген алгачкы ЛГБТ өкүлү да болуп калды. 29-июндагы добуш берүүдө анын талапкерлигин 157 депутат колдоп, 55и каршы болду.

Эки апта мурда президент Александр Вучич мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу министри болуп иштеген Ана Брнабичке өкмөттү түзүү тапшырмасын берген. Серб парламентинде Вучичтин тарапкерлери жана анын партиясынын өнөктөштөрү көпчүлүктү түзөт. Бирок Брнабич Сербия прогрессивдүү партиясынын мүчөсү эмес.

41 жаштагы Ана Брнабич Кошмо Штаттарда жана Лондондо билим алган.

XS
SM
MD
LG