Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:57

Бишкектин Октябрь райондук соту "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси жана парламенттин мурдагы депутаты Чолпон Жакуповага байланышкан ишти карай баштады. Жараянга Чолпон Жакупова келген жок, анын адвокаты Тимур Султанов катышууда.

Териштирүүдө быйыл 30-мартта Чолпон Жакупованын Бишкектеги жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзүнө лингвистикалык аныктама берген эксперт Жайнагүл Семенова суралды. Ал экспертизага эч ким басым жасабаганын айтты.

Чолпон Жакупованын адвокаты Тимур Султанов Кыргызстандын мыйзамдары боюнча ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин, экс-депутатка иш негизсиз козголгонун белгиледи.

Прокурор Жакупованын 30-мартта жыйында сүйлөгөн сөзүн окуп берип, муну менен эмне айтууну көздөгөн жана кимди айтып жатат деп суроо узатты. Адвокат Жакупованын айткандарынын түз мааниси жок деп билдирди.

Март айында Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысына шек келтирди деген негизде Zanoza.kg сайтын негиздеген "Промедиа" фонду, журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслованын, Бишкектеги талкуулардын биринде сүйлөгөн сөзү порталга жарыяланган экс-депутат Чолпон Жакупованын үстүнөн арыз жазып, алардын ар биринен 3 миллион сом талап кылынган. Доонун суммасы чоң болгондуктан Бишкектин Октябрь райондук соту жоопкерлерди Кыргызстандын аймагынан чыкпоо жана Нарын Айып, Жакупованын мүлкүн камакка алуу чечимин чыгарган. (KE/NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG