Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:36

Өзбекстандын Каракалпак автономдук республикасынан качып чыккан 43 жаштагы Жумабай Сагидуллаев Казакстандан баш калка сурап жатат. Ал "Азаттыктын" казак кызматынын Алматыдагы кеңсесине келип, агасынын ишмердүүлүгү үчүн өзбек бийлигинин куугунтугуна кабылганын айтып берди.

Анын агасы, "Алга, Каракалпакстан" кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев да бир канча жыл мурда Өзбекстандан качып чыгууга аргасыз болгон.

Жумабай Сагидуллаев Каракалпакстандын Кара-Өзөк районунда катардагы малчы болгонун, агасынын ишмердүүлүгүнөн улам кыйноого кабылганын, камакка алынар алдында Кыргызстанга качып чыкканын, ал жактагы качкындар лагери 2017-жылы жабылганда Казакстанга өткөнүн билдирди.

Ал өзбек тарап паспортун алып койгонун, мындан улам качкын макамын алууга документтери жетишпей жатканын кошумчалады. Бул маселе боюнча өзбек бийлигинен комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG