Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

OPCW: Хан-Шейхунда зарин заты колдонулган


Хан-Шейхун шаарчасы
Хан-Шейхун шаарчасы

Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму (OPCW) апрель айында Сириянын Хан-Шейхун шаарчасындагы аба чабуулунда зарин газы колдонулган деп билдирди.

Баш кеңсеси Гаагада жайгашкан уюмдун жетекчиси Ахмет Үзүмжү Идлиб провинциясындагы мындай чабуулду уюштургандар жоопко тартылышы керектигин 30-июнда кабарлады. Уюм күбөлөр менен баарлашуудан жана чабуулдан кийинки калдыктарды текшерүүдөн кийин мындай жыйынтыкка келген.

Эми Бириккен Улуттар Уюму 90дон ашуун адамдын өмүрүн алган окуяга ким жооптуу экенин аныктоого киришет. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү 4-апрелдеги бул аба соккусу боюнча Сирия өкмөтүн күнөөлөп келет. Расмий Дамаск жана анын өнөктөшү Орусия бул айыптарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG