Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Пакистанда 12 жаштагы кыз туугандарынын колунан ажал тапты


Пакистандын уруучул башкаруу өкүм сүргөн Хайбер районунда 12 жаштагы кызды өз үй-бүлөсү өлтүрүп койгону кабарланды. Буга кыздын турмуш куруу максатында айылдаш бала менен качып кеткени себеп болушу мүмкүндүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Азаттыктын" Пакистан кызматына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ходахел айылынын тургуну делген Нагма аттуу кыз бир апта мурда үйдөн качып кеткен. Жергиликтүү полиция аны кармап, үй-бүлөсүнөн кыздын өмүрүнө коркунуч жаралбайт деген кепилдик алгандан кийин үйүнө жеткирип беришкен.

"Кыз 23-июнда үйдөн чыгып кеткен. 27-июнда өлтүрүлгөн болушу мүмкүн. Биз кыздын атасынын бир тууганын жана дагы бир кишини кармадык",-деп билдирди Хайбер районунун жергиликтүү бийлигинин өкүлү Нияз Мухаммад.

Пакистанда "намыс үчүн" кыздарды өлтүрүү көрүнүшү көп катталат. Өткөн жылы модель жана социалдык тармактардын таанымал колдонуучусу Кандел Балочту интернетке жарыялаган видеолору үчүн өз байкеси өлтүрүп койгон.

XS
SM
MD
LG