Кыргызстанда 2-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Суусамырда түнкүсүн 1…6, күндүз 19…24;
Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Баткенде түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 2-июлда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33 градус ысык болот.