Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановдон президенттик жарышка катышуу тууралуу арыз 1-июлда келип түштү. Анда Бабанов өзүн өзү көрсөтүү жолу менен саясий жарышка аттануу ниетин билдирген.
1-июлда Бишкекте Өмүрбек Бабановду президенттикке көрсөтүү боюнча жыйын өткөн. Уюштуруучулар элдик курултай деп атаган жыйында депутатты президенттикке көрсөтүү боюнча резолюция кабыл алынган. Бабанов өзү бул резолюциянын укуктук жактан күчү жоктугун, эл тараптан колдоо гана экенин, президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышарын жарыялаган.
Ушуну менен президенттик шайлоого катышууну көздөп БШКга арыз бергендердин саны он экиге жетти. Алардын экөө саясий партиялардан, калганы өзүн өзү сунуштоо жолу менен документ тапшыргандар. (NT)