Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:57

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багындагы “Аист” кафесинде 2-июлда үч газ баллон жарылган.

Өрт өчүрүүчүлөр жарылып кетүү коркунучу жаралган 40 жана 20 литр эки газ баллонун алып чыгып, зыянсыз кылышкан.

Үч газ баллондун жарылышынан жалпы аянты 130 чарчы метр болгон кафе толугу менен күйүп, мындан тышкары 130 чарчы метр жайкы ашканасынын чатыры өрттөнгөн. Киши өмүрүнө зыян келген жок. Азыр өрттүн чоо-жайы такталууда.

19-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ куюучу станцияда жарылуу болуп, андан үч адам каза тапкан, жабыркаган төрт киши ооруканада жатат. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG