Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Шакиев: Ташиев Бабановду президенттикке сунуштаган чечимди көргөн эмес


Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев "Республика Ата-Журттун" жыйынында, 2014-жыл
Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев "Республика Ата-Журттун" жыйынында, 2014-жыл

“Республика Ата-Журт” партиясынын айрым мүчөлөрү Өмүрбек Бабановдун президенттикке талапкерлиги бул партиянын атынан колдоого алынганы тууралуу чечим боюнча кабары жок. Бул жөнүндө бүгүн “Азаттык” радиосуна аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев билдирди:

- Мен “Республика Ата-Журттун” саясий кеңешиндемин. Эгер жаңылана турган болсо бизди юридикалык жактан алып караганда мүчөлүктөн съезд гана чыгара алат. Партиянын саясий кеңеши колдоду деп жатышат, жеке мен андай чечимди көргөн да жокмун. Ташиев да көрбөптүр. Макулмун деп кол койбоптур.

1-июлда Бишкекте Элдик курултай деп аталган иш-чарада “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги жактырылып, ал шайлоого өзүн өзү көрсөтүү менен катышары белгилүү болду.

Курултайдын жүрүшүндө “Республика Ата-Журт” партиясы Бабановдун талапкерлигин колдойт деп аталган партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын мүчөсү, депутат Талант Мамытов билдирген.

“Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов менен “Ата-Журттун” лидери Камчыбек Ташиев “Республика Ата-Журт” деген аталыш менен 2014-жылы парламенттик шайлоо алдында Юстиция министрлигинде өзүнчө партия каттатып, ал ушундай эле аталыштагы фракция болуп парламентке келген.

Бирок кийин жергиликтүү шайлоолор алдында тандем күчүн жоготкону жарыяланган.

"Республика" партиясы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигине байланыштуу соңку билдирүүлөр боюнча азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештеги "Республика Ата-Журт" деген аталыш менен иштеп жаткан фракцияда 28 депутат бар. (RK)

XS
SM
MD
LG