Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Ысык-Көлдө "Балдар шериктештиги" эл аралык форуму өтөт


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө "Балдар шериктештиги" эл аралык маданий жана билим берүү форуму өтөт. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын ачылышына 3-июлда Кыргызстанга келген Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана спикер Чыныбай Турсунбеков катышат. Сапар жүрүшүндө Турсунбеков менен Матвиенконун жолугушуусу белгиленген. Кечээ Бишкекте Матвиенкону президент Алмазбек Атамбаев кабыл алып, андан кийин ал Ысык-Көл облусуна жөнөп кеткен.

"Балдар шериктештиги" форуму Ысык-Көлдүн жээгинде жыл сайын Жогорку Кеңеш жана КМШ парламент аралык ассамблеясынын уюштуруусунда өткөрүлүп келет. Ага Кыргызстан, Армения, Беларус, Молдова, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан балдар катышат.

Иш-чара мектеп окуучулары менен жаштардын жетишкендиктерин арттыруу жана адеп-ахлагын, дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган. (NT)

XS
SM
MD
LG