Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Рейтер: АКШ Евробиримдикке газ сатууну көбөйтөт


АКШ Европага суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдө америкалык компанияларга жеңилдиктерди берүүнү көздөп жатат. Муну менен көгүлтүр отунду көбүрөөк сатып, Европанын орус газынан көз карандылыгын азайтууну көздөйт. Бул тууралуу Ак үйдөгү булактарына таянып Рейтер агенттиги кабарлады.

Агенттик АКШ президенти Дональд Трамп буга байланыштуу чечимин 6-июлда Варшавада өтө турган “Үч деңиз” саммитинде айтарын белгилейт.

“Үч деңиз” тобуна Адриатика, Балтика жана Кара деңизде жайгашкан европалык 12 өлкө кирет. Саммиттин башкы темасы – Европадагы орусиялык долбоорлорго карата альтернатива түзүү.

Евробиримдик жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгүн Орусиядан алат.

XS
SM
MD
LG