Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Байболов: MegaCom башчысы Текебаевдин сотунда калп айтты


Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

"MegaCom компаниясынын башчысы калп сүйлөп жатат" деп билдирди бүгүн Өмүрбек Текебаевдин сотунда көрсөтмө берген мурдагы Башкы прокурор Кубатбек Байболов.

Байболов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп 2010-жылдын 13-сентябрда дайындалганын айтып, Базаркуловдун көрсөтмөсүн калп деп атоодо:

- Мен Базаркулов дегенди тергөө учурунда гана биринчи жолу көрдүм. Ал эмне үчүн мени чиркештирип жатат деп ойлонуп көрсөм, бир эле ой келет: Башкы прокурорду да чиркесек иш олуттуураак болот деген ою бар окшойт, сыягы. Булардын конструкциясы талкаланып жатат. Калп деген дайыма калпыс болот. Бир жеринен болбосо бир жеринен чыгып калат.

Кечээ "Альфа Телеком" (MegaCom) компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов сотто көрсөтмө берип жатып 2010-жылдын август айынын аягында, сентябрдын алгачкы күндөрүндө Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов Кубатбек Байболов менен жолукканын көргөнүн айткан.​

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылы орусиялык жарандар Леонид Маевский жана Алексей Модинден "Альфа Телекомго" байланыштуу 1 миллион доллар пара алган деген шек менен кылмыш иш козгогон. Аны азыр Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Текебаев жана бул ишке тиешеси бар деп кармалган экс-министр Дүйшөнкул Чотонов төрт айдан бери УКМКнын тергөө абагында жатат.

Соттолуучу тарап Башкы прокуратуранын бул айыптоосун курулай жалаа жана бийликтин саясий куугунтугу деп атап келатат.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева быйыл 6-апрелде парламентте сүйлөп жатып көзөмөл органы саясатка аралашпай турганын билдирген, мыйзам чегинде иштээрин, кылмыш иш аныкталган маалыматтардын негизинде козголоорун, бул иште саясат жоктугун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG