Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:08

Германия жана Кытай лидерлери Берлинде кездешти


Ангел Меркел жана Си Цзиньпин. Берлин, 5-июль, 2017-жыл.

Си Цзинпин Ангела Меркел менен 5-июлдагы кездешүүдө Кытай жана Германиянын алакасы “жаңы баскычка” киргенин белгиледи.

Меркел Берлин Кытай менен “базарлар эки тараптан тең ачылуусун, анын ичинде бир күнү толук эркин соода макулдашуусуна алып баруучу инвестициялык келишимге ыкчам кол коюлуусун” кааларын белгиледи.

Немис канцлери ошондой эле Германия Кытай менен анын Африка, Ооганстандагы долбоорлорунда кызматташа аларын да кошумчалады.

Эки лидердин кездешүүсү Чоң жыйырманын 7-8-июль күндөрү Гамбургда болуучу саммити алдында өттү.

Кытай лидери Германияга Орусиядан барды. Си Цзинпиндин Москвадагы сапары учурунда Кытай Орусиядан газды 2019-жылдын 20-декабрынан тарта сатып алууну макулдашканы кабарланды.

“Газпромдун” башчысы Алексей Миллердин ырастоосунда, тараптар мына ушул мөөнөткө газ соодасына зарыл курулуш иштеринин баарын аткарууга жетишет.

Кытайдын Орусиядан “Сибирдин кубаты” газ кууру аркылуу көгүлтүр от алышы эки өлкө ортосундагы эң ири экономикалык долбоорлордун бири. (UE)

XS
SM
MD
LG