Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:39

БШК Бабановду мандаттан ажыратуу тууралуу арызды четке какты


Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. 01.7.17.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, 5-июлда БШКнын жумушчу тобу парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановдун депутаттык мандатын бул саясатчыда Казакстандын кош жарандыгы бар деген негизде алууну сунуштаган арызды карады.

Кыргызстандагы шайлоочулар бирлигинин жетекчиси Бакыт Керимбеков эгерде Ө.Бабанов бир эле мезгилде казак атуулдугуна да ээ экендиги тууралуу жоромолдор тастыкталса, анда анын Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алуу абзел деген өтүнүч менен Боршайкомго кайрылган.

Кыргызстандын Жогорку сотунун Бабановдун кош жарандыгы жок деген он жыл мурдагы чечими бар экендиги, андан башка соттук кайрылуулар болбогону жумушчу топ тарабынан аныкталды. Бул жагдайдын негизинде Ө.Бабановду депутаттык мандатынан ажыратуу өтүнүчү камтылган арыз канааттандырылган жок, деп А.Бекматов билдирди:

- Маселе жумушчу топто каралып, анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз жок деген тыянакка келдик. Анткени, 2007-жылы да ушундай териштирүү болуп, Жогорку соттун чечими чыккан. Андан кийин башка чечимдер жок экен. Ошого байланыштуу жумушчу топ арызды канааттандырбады. Жогорку сот ошол кезде Бабановдун башка жарандыгы жок, бир гана Кыргыз Республикасынын жараны деп тапкан экен.

2007-жылы декабрда Ө.Бабанов Жогорку Кеңештин IV чакырылышына Социал-демократтар партиясынан (КСДП) талапкерлигин койгон. "Ө.Бабанов Казакстандын жарандыгын алган экен" деген маалымат боюнча соттук териштирүү болуп, жыйынтыгында БШК Бабановду парламенттик шайлоодон четтеткен. Шайлоодон кийин ал жогорку инстанцияларга апелляциялык арыз менен кайрылып, 2008-жылы анын КСДПнын тизмесиндеги орду калыбына келтирилген. Бирок Ө.Бабанов өз каалоосу менен депутаттыкка талапкерликтен баш тартып, анын ордуна Жогорку Кеңеште ал кездеги оппозициячыл саясатчы Роза Отунбаева КСДПдан мандат алган.

Өмүрбек Бабанов - быйыл 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышууга арыз берген он беш адамдын бири. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG