Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:22

Каспаров 12 жылдан кийин чоң шахматка кайтып келет


Каспаров шахмат боюнча дүйнөнүн 13-чемпиону.

Гарри Каспаров Кошмо Штаттардын Сент-Луис шаарында өтө турган Grand Chess Tour мелдешине катышат. Таймаштар 2-12-август күндөрү өтөт. Каспаров шахмат боюнча дүйнөнүн 13-чемпиону.

2005-жылы ал өз карьерасын жыйынтыктаганын жарыялап, ушул күнгө чейин олуттуу таймаштарга катышпай келген.

Чоң шахматтан кеткен соң Каспаров саясат менен алектенип, Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы "Другая Россия" оппозициялык кыймылын түзгөн.

2013-жылы ал бийликтин куугунтугунан коркуп өлкөдөн чыгып кетип, бир жыл өтпөй Хорватиянын жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG