Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Кыргыз-өзбек чегиндеги станцияны кайтарган милиционердин өлүмү иликтенүүдө


Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүндө, кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан "Эгемен-1" суу-насос станциясын кайтарып жумуш учурунда каза тапкан милиция кызматкери, 35 жаштагы Кумарбек Кадыровдун сөөгү кечээ туулуп-өскөн Базар-Коргон районунда жерге берилди.

Маркумдун туугандары билдиргендей, ал 5-июлда иш убактысында күтүүсүз каза тапкан. Анын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жакындары экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатканын айтышып, маркум үч күн бою күзөттө турган деген кабарды четке кагышты, ал каза болгон күнү ишке үйүнөн барганын маалымдашты. Ноокен райондук милициясынын күзөт бөлүмүндө иштеген маркум суу-насос станциясын катары менен үч күн кайтарып иштегени буга чейин кабарланган.

Сакалды айыл өкмөтүндөгү "Эгемен - 1" жана "Эгемен - 2" суу сордургуч станциялары мурда Өзбекстандын Наманган менен Анжиян облустарынын талааларына да суу жеткирчү. 2015-жылы толугу менен станцияны Кыргызстан өз карамагына өткөргөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG