Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Полковниктин өлүмүнө шектелген Кадыр Досоновду сот актады


Кримтөбөл атыккан Кадыр Досоновду сот актады. Ош облусунун Кара-Суу районунда бейшемби күнү ушундай өкүм чыкканын бүгүн "Азаттык" радиосуна анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Кримчөйрөдө Жеңго деген каймана ат менен белгилүү Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүгүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип жаткан.

2013-жылдын 11-январында «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул окуя боюнча кылмышка катыштыгы барлар жазасын алышкан. Кадырбек Досонов качып жүргөндүгүнө байланыштуу, жазык иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Аны күч кызматкерлери 2015-жылдын 6-февралында колго түшүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG