Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды киргизүү боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын долбоору Кытайга тапшырылды.
Жаңы санкциялар Пхеньяндын 4-июлдагы континенттер аралык баллистикалык ракета сыноосуна жооп катары сунушталууда.
Бул резолюция менен БУУдагы Кытай жана АКШнын өкүлдөрү таанышат. Андан соң Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин башка туруктуу мүчөлөрү таанышмакчы.
Буга чейин Кошмо Штаттардын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейлинин Пхеньянга жаңы санкция киргизүү демилгесине Орусия мындай аракет менен маселе чечилбейт деп жооп кайтарган.